Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Хьюстондо коменданттык саат киргизилди


Хьюстон бороондон кийин. АКШ 28-август, 2017-жыл
Хьюстон бороондон кийин. АКШ 28-август, 2017-жыл

АКШнын Хьюстон шаарында ээн калган үйлөрдүн тонолушун алдын алуу үчүн шейшембинин кечинен тарта коменданттык саат киргизилди.

Түнкү саат 12ден таңкы бешке чейин машине менен эки жакка жүрүүгө, коомдук жайларга барууга тыюу салынат. Бул күндөрү куралдуу каракчылар проблемасына туш болдук", - деди полиция башчысы Арт Асеведо. Өзгөчө режим белгисиз мөөнөткө чейин киргизилди.

"Харви" бороону нөшөрлөгөн жаан менен коштолуп, өлкөнүн төртүнчү ири шаарын суу каптады. Бери дегенде 14 киши каза болгону кабарланууда. Бир топ турак жайлар жашоого жараксыз болуп калды. Миңдеген киши эвакуацияланды. Шаар бийлиги үйсүз калган 19 миң кишиге убактылуу жайлар даярдалганын билдирди. Ал эми АКШнын Кызыл чырым уюмунун борборлорунда 17 миңдей киши баш калкалап турат.

Буга чейин жергиликтүү суу сактагычта суунун деңгээли кооптуу чекке чейин көтөрүлгөн. Бийликтер суу Аддикс дамбасынан ташый баштаганын эскертишти.

Кечээ жаратылыш кырсыгы болгон жерге президент Дональд Трамп жубайы менен барды.

XS
SM
MD
LG