Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Атамбаев: Башаламандык уюштурууну каалагандарды жазалоого убактым жетет


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда президенттик шайлоого шылтап өлкөдө башаламандык уюштурууну каалагандар жазаланарын билдирди. Бүгүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушта сүйлөп жатып ал "бийликке Атамбаевдин жолун жолдобой турган президенттин келишин каалагандар бар" экенин белгиледи:

- Эмне үчүн мындай аракет болуп жатат? Кандайдыр шылтоо менен 15-октябрдан кийин өлкөдө жагдайды туруксуздаштырууну каалагандар бар. Мен эскертип коёюн, мен 1-декабрга чейин ушул мамлекеттин президентимин. Өлкөдө башаламандык кылууну каалагандарды катаал жазага тартууга менде убакыт жетиштүү. Мен оппозицияда жалгыз жүргөн кезде да кудайдан башка эч кимден корккон эмесмин. Азыр болсо мени Кыргызстандын эли колдоп турат. От менен ойнобогула, колуңарды күйгүзүп аласыңар. Колуңарды гана эмес...

Алмазбек Атамбаев шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол берилбесин айтты. Шайлоо таза өтөрүн кошумчалап, азыркы өкмөткө таза жаштар келгенин, бир жарым жылдай аралыкта экономикада өсүш болорун билдирди.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.
Оппозиция өкүлдөрү бийликке сын айткан саясатчылар, журналисттер куугунтукка кабылып жатканын белгилеп келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG