Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:14

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кытайга мамлекеттик визит менен аттанды. Андан ары президент БРИКСтин саммитинин алкагында "Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн диалогу" деген жыйынга катышмакчы. Кытай маалымат каражаттары Рахмонду президент Си Цзинпин чакырганын кабарлашты.

Тажик мамлекет башчысын өкмөттүн бир катар министрлери коштоп барышты.

23-августта тажик парламенти ратификациялаган кызматташтык меморандумуна ылайк Кытай Душанбеде парламенттин жана өкмөттүн жаңы имараттарын курууга көмөктөшмөкчү.

Экономика жана соода министри Нематулло Хикматуллозоданын айтымында, Кытай ал долбоорго 1,5 миллиард юань же 230 миллион доллар сарптайт.

Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө болгон БРИКСтин 3-5-сентябрдагы жыйынына Кытай лидери Си Цзинпин төрагалык кылат.

XS
SM
MD
LG