Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Нангархарда жанкечти депутаттын үйүнө кол салды


Ооганстандын Нангархар провинциясында депутаттын үйүнө жанкечти чабуул коюп эки коопсуздук кызматкери мүрт кетти.

Губернатордун маалымат катчысы Атаулла Хогияни бүгүн эртең менен Жалалабад шаарында мыйзам чыгаруучу Захир Кадердин үйүнүн жанында жанкечти өзүн жарыдырып жибергенин билдирди.

Кол салгандардын дагы бирин жан сакчылар атып өлтүрүштү. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Акыркы айларда Нангархар чөлкөмүндө Талибан жана "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышкан согушкерлер активдүүлүгүн күчөттү. АКШ жыл башында чыгарган баяндамада талип жоочулары Ооганстан аймагынын дээрлик 40 процентин көзөмөлгө алышканы айтылган.

XS
SM
MD
LG