Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:04

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 6-сентябрда расмий сапар менен келет. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 30-августта Ташкенттин демилгеси менен эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн өзөгүн кызматташуу маселеси түзүп, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары да талкууланды.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Кыргызстанга келери тууралуу 28-августта белгилүү болгон, бирок датасы айтылган эмес.

Мурунку өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 16-августта сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Атамбаев да Өзбекстанга расмий сапар менен барууга камынып жатканын айткан.

Атамбаев 2016-жылдын аягында Өзбекстанда иш сапарда болгон. Андан бери эки тараптын бийлик өкүлдөрү ай сайын жолугуп, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG