Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Чек арасыз кабарчылар уюму азери журналистти бошотууга үндөдү


Афган Мухтарли.
Афган Мухтарли.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму азербайжандык журналист Афган Мухтарлини токтоосуз бошотууга үндөдү. Грузияда бозгунда жашап келаткан иликтөөчү журналист үч ай мурун Тбилисиде кармалып мекенине жеткирилген. Уюм Бакунун эркин журналистти куугунтукташын айыптады. Кант диабетинен жана жогору кан басымынан жабыркаган Мухтарлинин саламаттыгы жакшы деп кабарланганы менен, адвокаттары абакта отургандан бери 21 килограммга арыктаганын, догдурларга жана жакындарына көп жолу аны менен жолугушууга уруксат берилбегенин айтышууда.

Жакында Баку соту журналистти камакта кармоону 21-октябрга чейин узарткан.

XS
SM
MD
LG