Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Молдовада саясий партия президентти сотко берди


Игорь Додон.
Игорь Додон.

Молдовада "Аракет жана тилектештик" партиясы президент Игорь Додон Орусиянын кызыкчылыгына кирип өлкөнү бөлүп-жарууда деп сотко арыз берди. Бул тууралуу саясий партиянын веб-сайтында айтылат. Билдирүүдө Додон мыйзамдарды бузуу менен "мекенге чыккынчылык кылууда", "улуттук, расалык, диний ыркысздыкка шыкак берүүдө" деп белгиленген. Партия президент Орусия федерациясынын таламын талашып Молдованын кызыкчылыгына зыян алып келүүдө деп эсептейт.

Додон бул дооматтарга комментарий бере элек. Президентин жикчил Днестр боюндагы жумурияттын лидерин декабрдагы шайлоодо жеңиши менен куттуктосу да катуу сынга кабылган. Молдованын курамындагы ал аймактын көз карандысыздыгын Кишинев жана эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Москвага ыктаган Додондун Европа биримдиги менен жакындашууну жактаган өкмөт менен мамилеси да начар.

XS
SM
MD
LG