Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

НАТО Орусия жана Беларустагы машыгууга үч байкоочусун жиберет


Ал эми Орусия менен Беларус 14-20-сентябрда өтүүчү машыгууга 12700 аскер катышаарын ырастап келатышат.
Ал эми Орусия менен Беларус 14-20-сентябрда өтүүчү машыгууга 12700 аскер катышаарын ырастап келатышат.

НАТО "Батыш - 2017" деген машыгууга көз салуу үчүн Орусия жана Беларуска үч байкоочусун жөнөтөт. Бирок альянс мындан да көп байкоочууну жиберүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп эсептейт. 30-августта НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску машыгууга байланыштуу Орусияда өткөрүлчү “Коноктор күнүнө” бир эксперт бараарын, калган экөө Беларуска жөнөшөөрүн айтты.

Уюм чакырууну кубаттаганы менен эл аралык эрежелер Москва менен Минскти мындан көп байкоочуну кабыл алууга милдеттендирет, - деди Лунгеску.

Ал эми Орусия менен Беларус 14-20-сентябрда өтүүчү машыгууга 12700 аскер катышаарын ырастап келатышат. Бирок Батыштагы аскерий адистер иш жүзүндө 100 миңге чейин жоокер тартылышы мүмкүн дешет. Москва машыгууга байланышкан тынчсыздануулар негизсиз, маневрлар коргонуу дареметин текшерүүнү гана көздөйт жана кошуна өлкөлөргө, НАТО же Батышка коркунуч туудурбайт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG