Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Өзбекстанда президенттин маалымат кызматынын жетекчиси иштен алынды


Асажон Хажаев.
Асажон Хажаев.

Өзбекстанда президенттин маалымат кызматынын башчысы Асажон Хажаев жана Улуттук телерадиокомпаниянын төрагасы Бабур Алиханов кызматтарынан алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары 30-августта кабарлашты. Хажаев үстүбүздөгү мартта, ал эми Алиханов ушул айдын башында эле дайындалган.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр сентябрда кызматка киришкенден бери Улуттук телерадиокорпорациянын төрагасы ушуну менен үчүнчү жолу алмашууда. Азырынча расмий адамдар бул кабарды комментарийлей элек.

Президент буга чейин мамлекеттик телеканал өкмөт чиновниктерин мактоонун ордуна катардагы адамдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга тийиш деп сындап келген.

22-августта мамлекеттик каналда иштеген журналисттердин бири премьер-министр Абдулла Арипов кабарлар гана түз ободо чыгууга тийиш деген көрсөтмө бергенин биздин радиобузга айткан.

XS
SM
MD
LG