Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстандын эгемендик алганына 26 жыл толду


Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн майрамдык иш-чаралар белгиленет. Өлкөдө бүгүн дем алыш.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар болот, салтанат саат 10до расмий ачылат. Шаардын бардык райондорунда, соода борборлордо да оюн-зооктор, концерттер, улуттук оюндар уюштурулат.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган. (NT)

XS
SM
MD
LG