Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Ысык-Көлдө "Манас оюндары" аяктайт


Чолпон-Атадагы "Манас оюндарында" көк бөрүчүлөр мелдеши. 28-август, 2017-жыл.
Чолпон-Атадагы "Манас оюндарында" көк бөрүчүлөр мелдеши. 28-август, 2017-жыл.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда спорттун улуттук түрлөрү боюнча өткөрүлгөн "Манас оюндары-2017" мелдеши жыйынтыкталат.

Оюндар 25-августта башталып, улуттук спорттун сегиз түрү: тогуз коргоол, көк бөрү, ордо, салбуурун, кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат чабыш боюнча өтүп жатат.

Бүгүн эр эңиш, тогуз коргоол, ат чабыш жана көк бөрүдөн жеңүүчүлөр аныкталат. Буга чейин ордо, салбуурун, кыргыз күрөш жана алышка катышкан спортчулар байгелерин алышкан.

Эң башкы оюн саналган президенттин кубогуна арналган көк бөрү боюнча таймаштын финалында Ош облусунун "Достук" жана Талас облусунун "Мурас" командалары беттешет. Оюн саат 14:00дө башталат.

Буга чейин үчүнчү орун үчүн беттеште Чүй облусунун "Биримдик" (Сокулук) жана Арашан (Аламүдүн) командалары беттешип, 4:0 эсебинде Сокулуктун оюнчулары жеңишке жеткен. Көк бөрү мелдешине Талас, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарынан 11 команда катышып, төрт тайпага бөлүнүп ойношту.

"Манас оюндары" төрт жылда бир жолу өткөрүлөт. Алгач уюштурулганда спорттун улуттук түрлөрү боюнча спартакиада деп аталган. 2013-жылы "Манас оюндары" болуп өзгөртүлгөн.

Быйылкы мелдешти уюштурууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен 10 миллион 81 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен байге фонду 4,5 миллион сомду түзөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG