Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Орусиянын Биринчи каналынын журналисти Украинадан чыгарылды


Анна Курбатова.
Анна Курбатова.

Орусиянын Биринчи каналынын кызматкери Анна Курбатова Украинадан чыгарылды. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Курбатовага үч жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Киев журналисттин ишмердүүлүгү Украинанын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет деп эсептеди.

Анна Курбатова 30-августта Киевде кармалган. Ал Украинанын эгемендик майрамын белгилөө тууралуу материал даярдап, Киевдеги парадды “Көз карандылык маршы” деп атагандан кийин жергиликтүү активисттер аны “коомдук маанилүү маалыматты манипуляциялоо, пропагандалоо” боюнча айыпташкан.

XS
SM
MD
LG