Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

"Ата Мекен" партиясы камактагы лидерин өлкөнүн Эгемендик күнү менен куттуктады


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү камактагы лидерин Эгемендик күнү менен куттукташты.

Бүгүн партиянын атынан таратылган билдирүүдө: «Сиздин эгемен, демократиялык Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымыңыз баа жеткис. Сиз бийлигинен, кызматтык абалынан пайдалангандардын, мамлекетти, элдин байлыгын тоногондордун жүзүн ачып келдиңиз. Азыркы бийликтин репрессиялык башкаруу ыкмаларынын курмандыгы болуп калдыңыз. Бирок ар бир жаран татыктуу жашоого ээ болгон мамлекетти куруу максатыңызды жүзөгө ашырууга дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүңүз болот» деп айтылат.

"Ата Мекен" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев орусиялык жарандан 1 миллион доллар пара алган деген шек менен быйыл жазында УКМКга камалган. Бир ай мурда ал сегиз жылга кесилди. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун бул өкүмүнө макул болбогон адвокаттар апелляциялык арыз менен кайрыларын айтышкан.

Оппозициялык саясатчы Текебаев жана анын тарапкерлери соттук териштирүүнү саясий куугунтук деп атап келатат, ал эми кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG