Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

АКШ: "Харви" бороону 31 адамдын өмүрүн алды


Хьюстондогу суу каптоо
Хьюстондогу суу каптоо

АКШнын түштүгүндөгү Техас штатында "Харви" бороонунан каза тапкандардын саны кеминде 31 адамга жетти. Алардын көбүнүн өлүмүнө сел суусу себеп болгон. Хьюстон шаарынын түндүк-чыгышындагы Аркема химиялык ишканасында сел суусу желдетүүчү жабдыктарды иштен чыгаргандыктан жарылуу болушу мүмкүндүгүн жергиликтүү расмийлер эскертишти.

Бороон бир аз басаңдаганы менен АКШнын Улуттук ураган борбору Хьюстон шаарынын айланасындагы суу каптоо адам өмүрүнө коркунуч жарата берерин билдирди.

Шейшембинин кечинен тарта Хьюстондо ээн калган үйлөрдүн тонолушун алдын алуу үчүн коменданттык саат киргизилген.

XS
SM
MD
LG