Талас шаарында бүгүнкү Эгемендик майрамына карата уюштурулган салтанат коңшу Казакстандан келген коноктордун катышуусунда өттү.
Алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Казакстандын Жамбыл облусунун аким орун басары Маден Мусаев куттук айтышты. Иш-чара андан ары салтанаттуу парад менен коштолду.
Бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ардак грамоталар менен сыйланды.
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков, төкмө акын Аалы Туткучев Талас облусунун ардактуу жана чыгаан атуулу деген наам алышты.
Концерттик программа, театрлаштырылган оюн-зоок менен улантылган иш-чарага 500гө чукул тургун катышты. (AlS)