Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:46

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү көмүр шахтасында үч кенчи метан газына ууланып каза тапты. Бул тууралуу Караганды аймагындагы "Казакстан" шахтасынын башчысы Александр Забелин 31-августта журналисттерге билдирди.

31 жаштагы Максим Шебанов, 34 жаштагы Рустам Ахметжанов жана 37деги Валерий Руденконун сөөгү шахтадан чыгарылды.

Уулуу газ чыга баштаганда шахтада 133 кенчи болгон. Дароо сыртка чыгарылган бул кенчилердин үчөө ооруканага жаткырылды.

Жергиликтүү полиция шахтада коопсуздук эрежелери сакталып, сакталбаганын иликтөөгө киришти.

XS
SM
MD
LG