АКШнын "Харви" бороону каптаган Хьюстон шаарынын жанындагы "Аркема" химиялык заводунда эки жарылуу болду. Жарылуудан кийин имараттан кара түтүн чыга баштаганын заводдун оператору 31-августта кабарлады. Дагы жарылуу болот деген кооптонуулардан улам тургундарга заводдун айланасындагы эвакуация аймагына кайтып барбоо эскертүүсү берилди.
Андан мурдараак сел суусу заводдогу химиялык заттарды желдетүүчү жабдыктарды иштен чыгарганы, жарылуулардын алдын алууга мүмкүн болбой калганы кабарланган. Бул завод боёкторду жасоодо колдонулуучу химиялык заттарды чыгарат.
Деңиз тараптан келген "Харви" бороонунан улам АКШнын бул аймагын суу каптап, кырсык баш-аягы 33 адамдын өмүрүн алды.