Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Отунбаева: Атамбаев менен айтышпайм, баарына тарых баа берет


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 2010-жылдагы ыңкылаптан көп жылдар өтпөй анын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев түрмөгө камалып, өзү өткөөл мезгилде өлкөнү башкарган жетекчи катары татыксыз мамилеге тушукканы үчүн азыркы бийликтин аракеттерине тарых баа берет деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтты:

- Атамбаевге бийликти мен өзүм тапшырып кеткем. Бүгүн болсо ал өзү да, ага кошомат кылгандар да “Атамбаев бийликти тынч тапшырган биринчи президент болот” деп айтып жатышат. Негизи, беш жылдай демократиянын жолунда эле бараттык. Бирок акыркы жылдары бул киши өзүнүн тарыхтагы ролун издеп калды. Баарын жокко чыгарганга аракет жасады. Өзгөчө былтыр 31-августта сүйлөгөн сөзү буга далил. Кайсы уядан чыкканын унутуп, аны тебелеп-тепсеп, “эч кандай тиешем жок, мен артымдан сонун иштерди калтырып жатам” деп эки жылдан бери айтып жатканына тарых өз баасын берет сөзсүз. Мен аны каралабайт элем. Экономикада, саясатта бир топ жакшы нерселерди жасап кеткенине баа беришибиз керек. Кагаздар, тарых, эл дегендин эсинде көп нерсе турат. Азыр жасап жатасыңбы? Даңк менен алкыш! Бирок жасалган иштердин баарын чийип, такыр эле жок кылып, “мен эле бармын тарыхта” деген чоң жаңылыштык! Мен айтышпайын дедим. Баарына тарых өзү баа берсин. Уялат экенсиң, 7 жыл чыкпай биз ар башка тараптарда болуп калдык. Бир жолдошубуз түрмөдө отурат. Мен экс-президент катары Эгемендик күнүнө чакырылбайм. Мунун баарына тарыхта өзүнчө баа берилет деп ойлойм.

Роза Отунбаева Кыргызстанды 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийин башкарып, 2011-жылдын октябрында президенттик шайлоодо 62% добуш алган Алмазбек Атамбаевге бийликти ошол жылдын 1-декабрында өткөрүп берген.

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ага чейинки алгачкы эки президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев элдик толкундоолордн кийин өлкөдөн качып кеткен.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG