Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ырчы Элмира Кайып кызы каза болду


Кыргыз эстрада ырчысы Элмира Кайып кызы бүгүн 31-августта 42 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу ырчынын сахналаштары айтууда.

Элмира Кайып кызы алгач чоң сахнага Рыспай Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен чыккан.

Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде", ырчы Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” аттуу ырлары менен анын аты элге кеңири тараган.

Мындан сырткары “Сүйүү ыры”, "Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы", "Жылдыздуу түн" жана башка ырлары менен таанымал болгон.

Ал Жети-Өгүз районунда туулган. Улуттук филармониянын эстрадалык студиясын жана Искусство институтун аяктаган.

Маркумдун артында бир кызы калды. (ZA)

XS
SM
MD
LG