Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Венеция кинофестивалы башталды


Актер Мэтт Дэймон жубайы Лучана менен, Венеция, 30-август.
Актер Мэтт Дэймон жубайы Лучана менен, Венеция, 30-август.

Венецияда дүйнөдөгү эң эски эл аралык кинофестиваль башталды. Быйыл 74-жолу өтүп жаткан фестивалды шаршембинин кечинде америкалык режиссер Александр Пэйндин Downsizing же "Кичирейтүү" деп аталган тасмасы ачты.

Комедия-драма жанрындагы бул тасмада чыгымды үнөмдөө үчүн денесин кичирейтүүнү көздөгөн адамдын окуясы баяндалат. Кинофестивалдын ачылышына тасманын баш каарманы, Голливуд актеру Мэтт Дэймон да келди.

Италиянын Венеция шаарында өтүп жаткан бул фестиваль 9-сентябрга чейин уланат. Анын негизги программасына 21 тасма катышат. Быйыл алтын жана күмүш арстандарды Голливуд актрисасы Аннет Бенинг жетектеген калыстар тобу ыйгарат.

XS
SM
MD
LG