Пакистандын антитеррордук соту мурдагы президент Первез Мушаррафты "сот адилеттигинен качып жүрөт" деп жарыялады. Ал мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун 2007-жылы өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталууда.
31-августта Равалпинди шаарындагы сот учурда Дубайда бозгунда жүргөн Мушаррафтын үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды. Мындан тышкары сот Бхуттонун өлүмү боюнча эки полиция кызматкерин шалаакылык айыбы боюнча абакка кесип, беш кишиге актаган чечимин чыгарды.
Мушарраф 2008-жылы импичмент коркунучуна кабылганда президенттиктен чегинип, чет өлкөгө чыгып кеткен. 2013-жылы Пакистанга кайтып келгенде ага киши өлтүрүүнү уюштурду деген айып тагылып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
Бирок бул чектөө 2016-жылы убактылуу токтотулуп, Мушарраф дарыланып келүү үчүн кайра өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Пакистандын биринчи аял премьеринин өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып келет.