Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

БУУ: Иран өзөктүк келишимди аткарып жатат


Иран президенти Хасан Роухани
Иран президенти Хасан Роухани

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран эки жыл мурда дүйнөнүн алты өлкөсү менен жетишилген өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып жатат деген тыянакка келди. Бул тууралуу уюмдун соңку баяндамасы менен таанышып чыккан "Рейтерс", “Ассошиейтед Пресс” кабарлады.

Атомдук энергия боюнча агенттигинин бүтүмүнө ылайык, Ирандагы аз байытылган урандын запасы жана аны байытуунун деңгээли келишимдин чегинен чыкпайт. Агенттик АКШ президенти Дональд Трамп бийликке келгенден бери ушуну менен Иран боюнча үчүнчү тыянагын жарыялап отурат. Президент Трамп өзөктүк келишимди "эң начар макулдашуу" деп мүнөздөгөн.

2015-жылы Иран АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия менен түзгөн келишимге ылайык өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Тегеранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG