Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргыз-казак акындар айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Бишкектеги айтыштын катышуучулары. 31-август, 2017-жыл.
Бишкектеги айтыштын катышуучулары. 31-август, 2017-жыл.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда айтылуу төкмө акын, маркум Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын 30-31-августта өткөн эки күндүк айтышы соңуна чыкты. Байгеге эки миллион сом сайылган XI эл аралык айтышка кыргыз тараптан 8, казактардан 8 төкмө ырчы катышты. Айтышка катышууга кыргыз акындарынан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Болот Назаров, Жылдызбек Төрөканов, Идрис Айтибаев, Изат Айдаркулова, Кадырбек Бейшенов жана Асылбек Маратов тандалып алынган. Казактардан айтышка акындар Айбек Калиев, Анар Жаппаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов, Нурлубек Курманов келген.

30-августта сегиз жуп акын айтышып, финалга казактардан Айбек Калыев, Сара Токтомушева, Мухтар Ниязов, Рүстөм Кайыртай уулу, кыргыздардан Амантай Кутманалиев, Идрис Айтибаев, Болот Назаров, Асылбек Маратов чыккан.

31-августа экинчи айлампада төрт акын тандалып, жыйынтыгында Баш байге Асылбек Маратов менен Мухтар Ниязовго, 1-орун Амантай Кутманалиев менен Рүстөм Кайыртай уулуна, 2-орун Болот Назаров менен Сара Токтомушовага, 3-орун Идрис Айтибаев менен Айбек Калиевге ыйгарылды.

Айтышта төрт орунга чейин бирдей суммада кош байге коюлду. Тактап айтканда, баш байгеге жана биринчи, экинчи, үчүнчү орундарга сыйлыктар ар бир элдин бирден акындарына ыйгарылды. Мындай кош байге эки элдин акындарын тең нааразы кылбоо максатында "Айтыш" коомдук фондунун демилгеси менен 2008-жылдан бери уюштурулуп келатат. Азырынча бул салт Кыргызстанда өткөн айтыштарда гана сакталат. (ZA)

XS
SM
MD
LG