Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Пентагон: Ооганстанда АКШнын он бир миң аскери бар


Пентагон Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 11 миңди түзөрүн билдирди. «Рейтер» агенттиги жазып чыккандай, АКШ Коргоо министрлиги буга чейин ооган жергесиндеги аскерлери 8 миң 400 экенин айтып келген.

Пентагон бул ирет Ооганстанда туруктуу жашаган америкалык аскерлерден сырткары кыска мөөнөткө жөнөтүлгөндөр да кошуп эсептелгенин маалымдады.

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстандагы жаңы стратегияны жарыялаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары Трамп АКШ аскерлеринин санын 4 миңге чейин көбөйтүшү мүмкүндүгүн жоромолдошкон.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис азырынча Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүү боюнча буйрук бере элек.

Вашингтон Ооганстандагы аскердик операцияларын 2001-жылы, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын негизинде баштаган. Андан бери Ооганстанда 2,3 миңден ашуун америкалык аскер набыт кетип, 18 миңи түрдүү жаракаттарды алышкан.

XS
SM
MD
LG