Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Жалал-Абадда быйыл Курман айт намазы алгачкы жолу аянтта окулду


Жалал-Абад. 1.09.2017
Жалал-Абад. 1.09.2017

Жалал-Абад шаарында быйыл Курман айт намазы алгачкы жолу аянтта окулду. Шаардагы борбордук Эркиндик аянтында үч миңдей адамдын катышуусунда намаз окулду.

Облустук казыяттан билдиришкендей, буга чейин Орозо айтта намаз борбордук аянтта, ал эми Курман айт намазы аба ырайына байланыштуу шаардагы 31 мечитте окулуп келген.

Имам-хатибдер биригип эл журтка тынчтык, амандык тилеп, "алдыдагы президенттик шайлоодо ыймандуу жана ынсаптуу жетекчини тандоого Кудай насип этсин" деп бата кылышты.

Иш-чарага шаардыктар менен катар облустун жана калаанын жетекчилери да катышты. (RsK)

XS
SM
MD
LG