Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

ФСБ: Борбор Азиянын эки жараны Москвада теракт уюштурганы жаткан


"Борбор Азия аймагынан келген эки жаран 1-сентябрда Москвада эл көп топтолгон жерлерде террордук актыларды уюштурууну көздөгөн" деп маалымдоодо Орусиянын Федералдык коопсуздук (ФСБ) кызматы.

Мекеменин расмий сайтында жарыяланган маалыматта "Кармалган жарандардын бири интернет аркылуу "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүнө кайрылуу жасап, террорчуларга ант берди. Андан кийин ал жарандарга миздүү курал менен кол салуу уюштурганы жаткан. Анын телефонунан террорчулардын контакттары табылды" деп айтылат.

Ал эми колго түшкөн экинчи шектүүнүн жашаган жеринен жардыргыч заттар табылганы, ал өзүн өзү жардырууга камынып жүргөнү айтылды.

ФСБнын Тергөө комитети бул боюнча кылмыш иш козгоо маселесин карап жатат.

Кармалган жарандардын Кыргызстанга тиешеси барбы же жокпу, азырынча белгисиз. Бейрасмий маалыматтарга караганда, учурда бир миллионго чукул кыргызстандык Орусияда мигрант болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG