Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

АКШ Пакистанга жардамын токтото турат


Кошмо Штаттар Пакистан согушкер топторго каршы жетиштүү чара көрө баштагыча Исламабадга 255 миллион долларлык аскердик жардамын токтото турат.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү 31-августта билдиргендей, Пакистан Ооганстандагы "Талибан" жана "Хаккани" өңдүү согушкер топторго каршы ырааттуу күрөшпөсө, акча берилбейт. АКШнын чалгындоо кызматтары жоочулардын ал уюмдары жылдар бою Пакистан аймагында, Ооганстан менен чек арага жакын жерлерде жашырынып жүрүшөт деп маалымдашкан.

21-августта Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялап жатып, президент Дональд Трамп Пакистан ооган өкмөтүнө каршы күрөшкөн согушкерлерге баш паанек берүүдө деп айыптаган. Исламабад муну четке кагып, 16-жылдан бери уланып келаткан согуштагы каталарын Пакистанга "оодарууда" деп жооп кайтарган. Вашингтондун айыптоосунан кийин Пакистан парламенти нааразылык резолюциясын кабыл алды. Өлкөнүн бир нече шаарында болсо антиамерикалык демонстрациялар болду.

XS
SM
MD
LG