Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

АКШ Ооганстанга кошумча аскер жөнөтөт


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис президент Дональд Трамптын жаңы стратегиясынын алкагында Ооганстанга кошумча жоокер жөнөтүү буйругуна кол койду. 31-августта Пентагондун башчысы аскерлер ооган куралдуу күчтөрүнө "согушкерлерге каршы эффективдүү күрөшүүгө жардам берээрин, көбүрөөк кеңешчи миссиясын аткарышарын" белгиледи.

Мэттис аскерий жетекчилик кошумча контингенттин кайсы аскерлерден кураларын, кайсы жерлерге, канчасын жайгаштырарын дагы тактап жатат деп кошумчалады. Министр аскерлердин санын атабаганы менен буга чейин 4 миң кошумча аскер жиберүү тууралуу айтылып келген.

30-августта Пентагон Ооганстанда кызмат өтөп жаткан жоокерлеринин саны 11 миңге жетээрин билдирген. Буга чейин 8 400 аскер тууралуу кеп болуп келген эле. Коргоо мекемеси америкалык күчтөрдүн так саны кайра каралып чыкканын, бул маалымат ачык болууга тийиш экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG