Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Атамбаев: Түнү менен намазга жыгылганча бир саат билимге бер деген хадис бар


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Балдарды окутуу, билим берүү баарынан биринчи милдет болушу керек. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Билим күнүнө карата Чүйдүн Чоң-Таш айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Президент бүгүнкү күндө ислам динине жамынган террорчулук күчөп жаткан кезде балдардын, жаштардын диний сабаттуулугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду. Ал Курандагы хадистердин биринде "түнү менен намазга жыгылганча бир саат билимге бер” деген сөз бар экенин эскертип, төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Бизде, көрүп жатабыз, сакалдарын сербейтип, дамбалдарды кийип алып, мусулман болумуш этип жүрүшөт. Билим дегенди такыр билишпейт. Андан көрө астрономия дегенди ачып, аалам деген эмне, канча миллиарддаган жылдыздар, планеталар бар экенин карап көрсүн. Ошонун баарын Алла таала башкарат. Алла таалага сен сакал койдуңбу, сакалың жок жүрөсүңбү... Алар динди жана өздөрүн Кудайдан өйдө коюп коет кээ бирде. Унутпагыла, биз үчүн эң биринчи билим болушу керек. Кайсы бир динге ишенем десең, анда ошол диндин эң ыйык китептерин окушуң зарыл.

Кыргызстан Конституция боюнча светтик мамлекет. Соңку жылдары өлкөдөгү диний кырдаал сабатсыздыктан жана сырткы таасирден улам кооптуу болуп баратканына байланыштуу бул маселе өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, тиешелүү чаралар иштелип чыккан. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG