Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Бесланда 2004-жылкы терактта каза болгондорду эскеришүүдө


Беслан
Беслан

Түндүк Осетиянын Беслан шаарында 2004-жылы мектепте болгон теракттын курмандыктарын эскеришүүдө. Траурдук иш-чаралар коңгуроо жана мектептин спортзалына гүлдөрдү коюу менен башталды. Эскерүүлөр Орусиянын башка шаарларында да өтүүдө.

2004-жылдын 1-сентябрында согушкерлер шаардын №1 мектебинде 1 миң 200дөн көп окуучу менен ата-энелерди барымтага алып, спортзалда үч күн бою кармашкан. 3-сентябрда коопсуздук күчтөрү чабуул коюп, бошотуу операциясын жүргөн. Терактта жана операция маалында 334 киши каза тапкан. Алардын 186сы балдар болчу. Кол салууну чечен согушкерлеринин лидерлеринин бири Шамил Басаев уюштурганын моюнга алган.

Бирок кайгылуу окуяны объективдүү териштирүү ошо бойдон жүргүзүлбөй калды. Быйыл апрелде Адам укуктары боюнча Европа соту Орусия бийликтерин курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга 3 миллион евро төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сот бийлик барымтадагыларды бошотуу операциясын пландоодо көбүрөөк адамдын өмүрлөрүн сактап калууга жетиштүү аракет көргөн эмес деп чечти. Кремл буга макул эместигин билдирген. Орусиянын Юстиция министрлиги болсо апелляция берди.

XS
SM
MD
LG