Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Ак үй "Харвинин" кесепеттерин жоюуга Конгресстен акча сурайт


"Харви" бороонунан кийин. Техас
"Харви" бороонунан кийин. Техас

АКШда "Харви" бороонунан жабыркаган Техас жана Луизиана штаттарында реконструкция иштерине Ак үй Конгресстен каражат сураганы жатат.

Президент Дональд Трамптын ички коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Том Боссерт коомдук инфраструктура, 100 миңдей турак жай жабыркаганын билдирди. Канча акча суралары такталбаганы менен, сөз болжолу менен миллиарддаган доллар тууралуу жүрүүдө.

Администрация ошондой эле Трамп табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жеке өзү бир миллион доллар берээрин билдирди.

Бир жума мурда башталган бороонго 4-даража ыйгарылган. "Харви" катуу жаан-чачын менен коштолуп, Хьюстон шаары жана башка аймактардын айрым райондору суу астында калды.

XS
SM
MD
LG