Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:25

Бишкекте Кытай өкмөтү куруп берген орто мектеп ачылды. Жал кичи районунан орун алган №95 мектеп-гимназиянын ачылыш салтанатына шаар мэри Албек Ибраимов катышты.

Долбоор Кытай берген грантка ишке ашырылды. Заманбап техника менен жабдылган бул мектепте 1 миң 310 бала билим алат.

Окуу процесси кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт. Ошондой эле кытай жана англис тилдерин үйрөнүү каралган.

Кытай тарап бөлгөн гранттын суммасы 78 миллион сом. Мектеп 24 гектар аянтта жайгашты. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG