Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Суу ташкынга байланыштуу Карачиге аскерлер жөнөтүлдү


Суу каптаган Карачи шаарына Пакистан армиясынын жоокерлери жардамга жөнөтүлүүдө. Кырсыктан 27 киши каза болду, көбү үзүлгөн электр зымдардагы ток ургандан өлгөн.

Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси 1-сентябрда аскерлерди, парамилитардык кошуундарды жана эң керектүү жабдыктарды 23 миллиондуу калаага жиберүү буйругун берди.

Карачинин мэри Васим Ахтардын айтымында, эки конуштун миңдеген тургундары дарыялар ташып кетиши мүмкүн деген коркунучтан улам эвакуацияланды.

31-августтун түнүндө 15 киши ток уруп, сууга чөгүп же ураган имараттардын алдында калып каза тапты. Бардыгы болуп муссон сезонунда быйыл Пакистанда 115 киши набыт болду, кошуна Индияда болсо июндан бери суу ташкындарга жана аларга байланышкан кырсыктардан 1 миң 687 кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG