Баткен районунун Кан айылында 1-сентябрда жер көчкү жүргөн жерден 350-400 метр алыстыкта жаракалар пайда болгон.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бир турак үйгө коркунуч туулуп, анда жашагандар коопсуз жерге көчүрүлдү. Дагы үч үй көзөмөлгө алынды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү адистери аталган аймакта иш алып барууда.
Быйыл апрель айында Өзгөндөгү Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. (BkA)