Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Орусия: Сан-Францискодогу консулдукта тинтүү жүргөнү жатат


Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугу
Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугу

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сан-Францискодогу консулдугунда АКШнын атайын кызматтары тинтүү жүргүзүүнү көздөп жатканын билдирип чыкты.

Тышкы иштер министрлигин маалымат катчысы Мария Захарованын айтымында, тинтүү 2-сентябрда болору күтүлүп жатат. "Мындай аракет орус дипломаттары жана жарандарынын коопсуздугуна “түздө түз коркунуч” туудурат", - дейт Захарова.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү консулдукту тинтүү боюнча комментарий берген жок.

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун электрондук почтасы аркылуу жөнөтүлгөн катта консулдук жабуу талабына ылайык, 2-сентябрдан тарта Орусия консулдук имаратын “дипломатиялык, консулдук жана турак жай” максатында колдоно албай турганын билдирди.

31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу Башкы консулдукту, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган. Бул кадам орус бийликтеринин Орусиядагы америкалык дипломатиялык кызматкерлердин санын 755 кишиге кыскартуу талабына жооп иретинде жасалууда. Москва муну өз кезегинде Конгресстин антиорусиялык санкцияларынан кийин көрүлгөн чара деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG