Орусия, Кытай, Индия жана Бразилия түзгөн жаңы Өнүктүрүү банкы аталган өлкөлөргө 1,4 миллиард долларлык насыя берет. Бул тууралуу БРИКС уюмунун Кытайдагы саммитинин алдында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, каралган каражаттын 460 миллион доллары Орусиянын сот системасын компьютерлештирүү, 470 миллион доллары Индиядагы айылдарды суу менен камсыз кылуу, калганы Кытайдын энергетика жана табигый кырсыктардын алдын алуу системасын өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
БРИКСтин Өнүктүрүү банкы Дүйнөлүк Банкка альтернатива болуу максатында түзүлгөн.
4-5-сентябрда Кытайдын Сямен шаарында өтчү саммитте аймакта жана дүйнөдөгү олуттуу маселелер талкууланары белгилүү болду.
Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген бул уюмда Жер жүзүндөгү калктын жарымына жакыны, дүйнөлүк экономиканын чейрек бөлүгү бар.