Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Нарын: күйдүргү жуктурууга шектелип үч адам ооруканага түштү


Күйдүргү дартынан өлгөн малдын тарпы көмүлгөн жер. Бишкек
Күйдүргү дартынан өлгөн малдын тарпы көмүлгөн жер. Бишкек

Нарында Сибирь жарасы же күйдүргү ылаңына шектелип үч киши ооруканага жатты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ат-Башы райондук ветеринардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Алыбек Мааданбеков билдирди.

Анын айтымында, кечээ 1-сентябрда Ат-Башы районунун Казыбек айылынын үч тургуну Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган.

Алардан Сибирь жарасынын белгилери байкалган. Учурда бейтаптардын эмнеден улам мындай ооруга чалдыкканын аныктоо иштери уланууда.

Мааданбековдун айтымында, алар күйдүргү менен ылаңдаган малды союп жатып, жуктурушуп алышы мүмкүн.

Учурда райондук ветеринардык башкармалык жана райондук милиция биргеликте иш алып барууда.

Сибирь жарасы Нарында акыркы жолу 2015-жылы катталган. Ак-Сай жайлоосунан уй сойгон үч киши бул илдетке кабылып, Нарын облустук ооруканасынан дарыланып чыгышкан болчу. (MiK)

XS
SM
MD
LG