Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Иракта жихадчылар электрстанциясына кол салды


Ирак.
Ирак.

Ирактагы Самарра шаарында жихадчылар тобу электр станцияга кол салышты. Ишемби күнү болгон кол салуудан жети киши каза болуп, он үчү жараат алды. Каза болгондордун арасында полициячылар жана станциянын кызматкерлери бар.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу алды.

Кол салууга катышкан жоочулардын баары өлтүрүлдү. Reuters агенттигинин жазышынча, жоочулардын бир бөлүгүн полициянын огунан ажал тапса, калгандары өзүн жардырып жиберген.

Самарра шаары Ирактын борбору Багдаддан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG