Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Коопсуздук жабдыктарын сатып алууну ачык жарыялабоо сунушталды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште 12-сентябрда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды өзгөртүү боюнча парламенттик угуу өтөт. Аталган мыйзамга үч өзгөртүү киргизилүүдө.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, улуттук коопсуздуктук камсыз кылуу, чукул кырдаалдын кесепетин жоюу жана мамлектеттик сырды сактоо үчүн айрым сатып алууларды ачыкка чыгарбоо сунушталууда. Мындай жабдыктарды сатып алуунун жол-жобосун өкмөт өз алдынча аныкташы керек.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардагы бардык тендерлер ачык, тиешелүү веб-порталга жарыялоо менен өтүшү керек. Буга чейин өкмөттүн электрондук тендерди кагаз жүзүндө өткөрүү сунушу коомчулукта сын-пикирлерди жараткан эле.

XS
SM
MD
LG