Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

АКШ: Орусиянын соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери имаратты бошотушту


31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу башкы консулдугун, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган.
31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу башкы консулдугун, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган.

Орусиянын Вашингтондогу соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ишемби күнү түштөн кийин имараттан чыгып кетишти. Би-би-синин кабарлашынча, орус дипломаттары чыккан соң имаратка 20га жакын полиция кирди. Бирок аз өтпөй алар да имараттан чыгышты.

Орус бийликтери америкалык полициянын бул аракетин тинтүү катары атоодо. Бирок Кошмо Штаттар тинтүү жүргүзүлгөнүн ырастаган жок.

Ишембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Москвадагы элчилигине нааразылык нотасын тапшырган.

Анда Кремл АКШнын бийликтеринин Вашингтондогу орус соода өкүлчүлүгүнүн кеңсесин тинтүү аракеттерине нааразылык билдирип, АКШнын аракеттерин “теңдешсиз, агрессивдүү акция” деп атаган эле.

31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу башкы консулдугун, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган.

Ак үйдүн расмий өкүлү Хизер Нойерт АКШда Орусиянын төрт консулдугу, ал эми Орусияда Кошмо Штаттардын үч эле консулдугу иштегендиктен Вашингтон “паритеттүү негизде” мындай кадамга барып жатат деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG