Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Меркел Европаны Орусия менен коопсуздук боюнча диалогго чакырды


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Европадагы өлкөлөрдү ортодогу пикир келишпестиктерге карабай, коопсуздук жаатында Орусия менен диалогду калыбына келтирүүгө чакырды.

2-сентябрда сүйлөп жатып, Меркел “Европадагы тынчтыкты биз Орусия менен гана камсыздай алабыз”-деди.

Немис канцлеринин пикири боюнча Европа өлкөлөрү Орусия менен байланышты калыбына келтирип, бирок Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууда Минск келишимин так сактоону талап кылуусу керек.

Ошондой эле Меркел Вашингтон менен Москванын ортосундагы куралсыздануу боюнча келишимдин аткарылышы да маанилүү экенин белгиледи.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы мамилени калыбына келтирүү зарылдыгын Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл билдирген эле.

Украинанын чыгышындагы жаңжалдан улам 2014-жылдан бери Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси начарлап, бири-бирине каршы санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG