Линктер

бейшемби, 22-февраль, 2018 Бишкек убактысы 08:42

Президенттик шайлоого көз салчу 115 эл аралык байкоочу каттоодон өттү


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул ирет КМШнын жана ЕККУнун өкүлдөрү каттоодон өттү.

Буга чейин БШКдан 61 байкоочу аккредитациядан өткөн эле.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу президенттик шайлоого 350 кыска мөөнөттүү жана 24 узак мөөнөттүү байкоочуларын жөнөтөрүн жарыялаган.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG