Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

АКШда суу каптоонун курмандыктары эскерилет


Суу каптаган аймактар. Техас штаты.
Суу каптаган аймактар. Техас штаты.

АКШ президенти Дональд Трамп 3-сентябрды Техас жана Луизиана штаттарындагы суу каптоодон каза тапкандарды эскерүү күнү катары жарыялады.

2-сентябрда Техаска зыяратка барган президент жана жубайы Мелания Трамп Хьюстондо суу каптоодон жабыр тарткандар менен жолукту.

Трамп “Харви” бороонун кесепетин жоюу боюнча жергиликтүү жана федералдык бийликтердин аракетин жогору баалады.

Мындан соң Луизиана штатындагы Лейк-Чарльз шаарына барып, табигый кырсыктан соңку абал менен таанышты.

Бир жума мурда башталган ураганга 4-даража ыйгарылган. "Харви" катуу жаан-чачын менен коштолуп, Хьюстон шаары жана башка аймактардын айрым райондору суу астында калды. Айрым райондордо суунун деңгээли бир метрден ашып, кеминде 50 киши каза тапты.

Ушул тапта куткаруучулар суу алдында калгандарды издөөнү улантууда, бул иш эки аптага чейин созулушу мүмкүн. Ага тартылган 14 миң аскерге кошумча Улуттук гвардиянын 10 миңдей аскери жиберилди.

Техас жана Луизиана штаттарында реконструкция иштерине Ак үй Конгресстен 7,85 млрд доллар сурады.

XS
SM
MD
LG