Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Жол кырсыгын азайтууга чакырган акция өттү


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош жолунун боюнда автокырсыктарга байланыштуу акция өттү. Маалыматка караганда, уштуруучулар жол боюна мал союп, түлөө өткөрүштү жана айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырышты.

Ошондой эле акциянын жүрүшүндө алыс жолго чыккан айдоочуларга эт таратылып, жол жээгинде көпчүлүктүн катышуусунда куран окулду. Иш-чараны Ош, Баткен Жалал-Абад облусунун жаштарынан куралган "Жаштар келечеги" коомдук бирикмеси облустук казыят, патрулдук милиция менен биргеликте уюштуруп жатат.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан тарта үч миңге жакын жол кырсыгы катталды. Андан үч жүздөн ашуун киши набыт болуп, төрт миңдей адам жабыркаган. Кайгуул кызматкерлери мунун көбү мас абалында унаа айдагандан болгонун айтышкан.(RsK)

XS
SM
MD
LG