Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Пхеньян суутек бомбасын сынады деген маалыматты эл аралык коомчулук айыптады


ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын көз салган. 3-сентябрь, 2017-жыл
ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын көз салган. 3-сентябрь, 2017-жыл

Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары 3-сентябрда алтынчы ядролук сыноо “ийгиликтүү өткөнүн” жана бул ядролук курал программасын өнүктүрүүдө “маанилүү“ кадам болуп калды деп жазышты. Азырынча көз карандысыз булактар чындап эле суутек бомба жардырылганын ырастай элек. Бирок Жапония өкмөтү сейсмология борборунун маалыматына таянып, Пхеньян буга чейин сыноо жүргүзүп келген аймакта катуу силкинүү катталганын билдирди. Түштүк Корея түндүктөгү коңшусун катуу жазалоого, Улуттар уюму тарабынан жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды. Кытай болсо Түндүк Кореяны “жаңылыш” аракеттерден баш тартууга, Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткарууга үндөдү. Өз кезегинде Москва атомдук сыноолорду “эң катуу формада айыптоо” жана бардык тиешелүү тараптар диалогго кайтуусу керектигин билдирди.

Пхеньян 2006-жылдан бери ядролук сыноолорду жүргүзүү менен БУУнун резолюцияларын бузуп келатат.

XS
SM
MD
LG