Орусия АКШны Сан-Францискодогу жана Вашингтондогу "басып алынган" дипломатиялык жайларды кайтарууга үндөдү. Орус тышкы мекемеси 3-сентябрда жасаган билдирүүдө “андай болбосо, эки өлкөнүн мамилеринин кескин начарлашы үчүн жоопкерчилик толугу менен Комшо Штаттарга жүктөлөт” деп айтылат.
Вашингтон администрациясы азырынча жооп кайтара элек. Бирок буга чейин расмий адамдар Кошмо Штаттар дипломатияга жатпаган аракет көрбөгөнүн билдиришкен.
2-сентябрда АКШ бийлиги Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугу жана Вашингтон менен Нью-Йорктогу дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жайгашкан имараттарды өз көзөмөлүнө алышкан. Анын алдында орусиялык кызматкерлер Мамлекеттик департаменттин буйругуна ылайык, ал объектилерди 2-сентябрдын кечине чейин бошотушкан.
АКШнын тышкы мекемеси муну Москванын америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин 455 кишиге чейин кыскартуу көрсөтмөсүнө жооп деп түшүндүрүшкөн. Орусия бийлиги болсо өз кезегинде ал чараны америкалыктардын антиорусиялык санкцияларынан кийин көргөн.