Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин бир тууганы Украинадан депортацияланышы мүмкүн. Ага өлкөдө мыйзамсыз жүргөн деген айып тагылууда. Украин Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы "Азаттык" радиосунун кабарчысына 2-сентябрда билдиргендей, Давид Саакашвилинин Украинада туруктуу жашоо уруксаты март айында жокко чыгарылгандыктан, камакка алынган. “Аны өлкөдөн чыгаруу маселеси чечилүүдө”, - деди мекеменин өкүлү.
Давид Саакашвили ушул эле күнү кое берилип, миграция мыйзамдарын бузуу үчүн айып пул төлөөгө да милдеттендирилди.
Бул – Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михал Саакашвили менен Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенконун тирешиндеги акыркы окуя болуп калды.