Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Ысык-Көлдө аңчы куштарды коргоого арналган жыйын башталды


Кыргызстандык бүркүтчү салбуурунда
Кыргызстандык бүркүтчү салбуурунда

3-9-сентябрда өтүүчү жыйынга 50 өлкөдөн келген мүнүшкөрлөр жана окумуштуулар катышууда.

Буга байланыштуу "Салбуурун" федерациясынын жана "Ысык-Көлдүн түштүк жээги" дестинациясынын чакыруусу менен 3-сентябрда бүркүт аңчылыгын жана жырткыч куштарды коргоо боюнча эл аралык ассоциациясынын делегациясы келди. Жыйында аңчы куштардын жок болуп бараткан түрлөрүн коргоо жана сактап калуу маселеси талкууланмакчы.

Жыйындан тышкары келген конокторго улуттук ат оюндары коштогон атайын маданий программа тартууланат. Ошондой эле улуттук буюм-тайымдардын көргөзмөсү уюштурулуп, боз үйдү тигип-чечүү боюнча мастер класстар уюштурулмакчы.

Иш-чара көлдүн түштүк жээгиндеги Боз-Салкын жайлоосунда көчмөндөрдүн лагеринде өтүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG