Өзбекстандын 16 миңге жакын жараны диний-экстремисттик агымдардын мүчөлөрү деп аталган кара тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги, жергиликтүү активисттер, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен болгон 1-сентябрдагы жолугушуусу маалында айтылды
Мамлекет башчы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө бийлик билбестиктен улам башка агымдар менен идеялардын азгырыгына берилип кеткен адамдардын кайрадан туура жолго түшүүсүнө чоң маани берерин айтты:
- Биз ал адамдарды «жаман» деп эсептеп, айкөлдүк кылып кол сунбасак, алар элден чыккан боюнча кала берерин унутпашыбыз керек.
Июлдун соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган топ бийликтин көзөмөлүндөгү диний адамдардын үйлөрүн кыдырып, алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бул иш-чарадан кийин кийин төрт миңден ашуун мусулман күч түзүмдөрүнүн кара тизмесинен чыгарылган.