Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:41

Футбол федерациясынын президенти маалымат жыйынын берет


Кыргызстандын улуттук курама командасы машыгуу учурунда

Иш-чара Кыргызстан жана Мьянма футболчуларынын 5-сентябрдагы беттешүүсүн утурлай өткөрүлүп жатат.

Анда беттешүү боюнча маалыматтар менен катар Мьянмадагы акыркы кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берилмекчи.

Социалдык тармактарда Мьянмадагы кырдаалдардан улам Кыргызстан менен Мьянманын футболдук беттешүүсү жөнүндө түрдүү пикирлер жазылууда.

Кыргызстан 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Мьянманын курама командасы менен беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот. Эки команданын жооптук беттеши 10-октябрда Мьянмада өтмөкчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG